Мамкаттоо: өзгөчө унаа номерлерине суроо-талап абдан чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы автоунаа номеринин архивдик сүрөтү
Жаңы автоунаа номеринин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукциондон тышкары сатылып жаткан ар бир мамлекеттик номерге орточо эсеп менен алганда беш адам кезекте турат. " Өзгөчө мамлекеттик номерлер" аукцион аркылуу сатылат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Өзгөчө номерлерге суроо-талап абдан чоң. Бул тууралуу Мамлекетик каттоо кызматынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Автоунаа номерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаанын өзгөчө номерлери онлайн-аукцион аркылуу сатылмай болду
Бүгүндөн баштап транспорт каражаттары жана айдоочулук түзүмдү каттоо департаментинин ар бир бөлүмүндө өзгөчө унаа номерлери сатыла баштады. Баасы сандардын жана тамгалардын айкалышына жараша 2700 сомдон баштап 5000 миң сомго чейин жетет. 

"Өзгөчө номерлер" (мисалы 111 AAA) 21-сентябрдан баштап аукцион аркылуу сатыкка чыгат.

"Ар бир номер үчүн орточо эсеп менен беш адам кезекте турат. Бишкекте түшкө чейин эле 100дөн ашык номер сатылып кетти. Эл саат 7ден баштап кезекте турат. Ким жетишсе, ошол сатып алды деген принцип иштеп жатат", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик каттоо кызматы 1-июндан баштап унааларга жаңы мамлекеттик номерлерди бере баштаган. Анда мурдагысынан айырмаланып, үч сан жана үч тамга жазылган. Номерлерде кыргыз желеги менен биргеликте Кыргызстандын эл аралык коду — KG түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0