Дем алыш күндөрү өлкө боюнча күн ачык болот

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник Курманжан Датки в центре столицы
Памятник Курманжан Датки в центре столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Жума аягында өлкө боюнча жылуу аба ырайы сактала турганын ӨКМ билдирди. 

Ишемби күнү Бишкек шаарында ала-булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17 градус, күндүзгү жогорку температурасы 28…30 градус жылуу болот.

Бишкек - Ысык-Көл унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боомдо дем алыш күндөрү таш кулатылбайт
Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

Республиканын калган аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан жаабайт. 

18-19-сентябрында кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Ал эми 20-21-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0