Унаанын өзгөчө номерлери онлайн-аукцион аркылуу сатылмай болду

© Фото / пресс-служба ГРС КРАвтоунаа номерлери. Архив
Автоунаа номерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукциондо 001 жана 777 комбинациядагы сандар менен башталып бирдей тамгалар менен уланган номерлер башкаларга салыштырмалуу жогорку бааланат.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында nomer.srs.kg сайтында унаанын өзгөчө номерлери онлайн-аукционго коюла тургандыгын Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда жалпысынан 37 даана өзгөчө номерди сатуу 21-22 жана 28-сентябрда үч этапта өткөрүлөт. 

Өзгөчө номерлердин башталгыч баалары:

001 сандары менен башталып, бирдей комбинациядагы тамгалар менен уланган номерлер (001ААА) — 70 миң сомдон башталат; 

001 сандары менен башталып, бирок тамгалар ар кандай комбинацияда болсо (001ААВ) — 63 миң сомдон башталат;

777 сандары бирдей комбинациядагы тамгалар менен болсо — 60 миң сом. Ал эми ар кандай комбинациядагы тамгалар менен уланса — 54 миң сомдон башталат. 

Производство новых автомобильных номеров для Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Унаалар үчүн жеке мамлекеттик номерлер 100 миң сомдон сатылат
Бирдей тамгалар менен уланган 111, 222, 333, 444, 555, 666, 888, 999 сандык комбинациялар — 40 миң сомдон башталат. Ушул эле сандагы номерлер ар кандай тамгалар менен уланса — 36 миң сомдон башталат. 

002, 003, 004, 005, 006, 007, 008, 009, 100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900 саны менен башталган номерлер тамгалардын комбинациясына жараша — 27-30 миң сомдон башталат. 

Ал эми эң минималдык баа 4,5-5 миң сомдон башталат. Бул каражатка — 010, 020, 030, 040, 050, 060, 070, 080, 090, 330 сандагы номерлерди алса болот. 

21-сентябрда өтө турган биринчи аукционго бирдей комбинациядагы тамгалар менен 111, 222, 333, 444, 555 сандарындагы номерлер чыгарылат. Ушул эле сандар менен башталып ар кандай комбинациядагы тамгалар менен уланган номерлер дагы коюлат. 

Экинчи онлайн-аукцион 22-сентябрда өтөт. Анда 666, 888 жана 999 сандагы номерлер ойнотулат. 

Ал эми акыркы аукцион 28-сентябрда өткөрүлүп, 001 жана 007 номерлери ойнотулат. 

Белгилей кетсек, аукционго катышууну каалагандар nomer.srs.kg сайтына катталып, баштапкы сумманын 10 пайызын ЭлСом аркылуу төлөөсү керектелет. Каражат которулгандан кийин кардарга SMS аркылуу билдирме жөнөтүлөт. Соодалашуу онлайн түрүндө гана жүрөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0