"Арзан турак жай" программасынын талаптары жөнөкөйлөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКурулуп жаткан көп этаждуу үй. Архив
Курулуп жаткан көп этаждуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулардын тизмесин ырастоо учурунда жемкорлуктун алдын алуу чаралары каралды.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү "Арзан турак жай 2015-2020" программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алганын Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты 

Билдирмеге караганда аталган программаны жөнөкөйлөтүү сунуштары берилди. Анын ичине катышуучулардын тизмесин ырастоо учурунда жемкордук көрүнүшүн болтурбоо чаралары дагы каралган. 

Ошондой эле программанын катышуучуларына ипотекалык насыя алуу үчүн өздүк салымы болбой калган учурда күрөө коюу мүмкүндүгү сунушталып жатат. 

"Кепилдик берүүчү адамды табуу дагы чоң түйшүктү жаратып келет. Буга байланыштуу ипотекалык насыя берип жаткан банк кардарга кепилдик берүүчү адамдын кереги бар-жогун өзү аныктай турган болот", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, буга чейин ипотекалык насыялоо боюнча сатып алынуучу турак жайдын жалпы аянты 80 чарчы метр болуусу керектиги тууралуу шарттар каралган. Эми болсо жеке турак үй куруп алуу үчүн дагы ипотекалык насыя алуу мүмкүндүгү берилип жатат. 

Турак үйдү сатып алуунун шарттары, эсептешүү мөөнөтү, үстөк пайызы жана максималдуу аянты туурасында Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0