Жекшембиде өлкө боюнча жаан жайт

Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Жекшемби күнү өлкө боюнча жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Бишкекте жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! ӨКМ күн сууктай турганын кабарлады
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25 градус болот. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында 13…18 градус жылуу болуусу күтүлөт. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

12-14-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0