Эртең өлкөдө жаан-чачындын ыктымалдыгы аз

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Эртең, 9-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачындын ыктымалдыгы аз экенин Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Бишкекте түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болушу күтүлөт. Ош шаарында түнкүсүн 17…19 градус, күндүз 29…31 градус жылуу болот. 

Республиканын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0