Министрлик: Көчмөндөр оюнуна карабастан бюджеттик мекемелер август айлыгын алды

Жазылуу
Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруудан улам бюджеттик мекемелер айлык акысын маалында ала албай жатканы боюнча ЖМКларда маалымат тараган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин баары август айы үчүн маянасын алганын Каржы министрлиги билдирди.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү бюджеттик кызматкерлердин айлыгын төлөөгө эч кандай таасир бербегендигин министрлик баса белгилейт.

Эскерте кетсек, буга чейин Көчмөндөр оюндарын уюштуруудан улам бюджеттик мекемелер айлык акысын маалында ала албай жатканы боюнча ЖМКларда маалымат тараган.

"Медициналык милдеттүү камсыздандаруу фондунан тышкары бардык бюджеттик мекемелер айлыгын маалында алышты", — деп айтылат маалыматта.

Каржы министрлигинин борбордук казыначылыгынын директорунун орун басары Марлен Амандыков мугалимдер менен дарыгерлердин маянасы кармалбастан өз убагында берилгенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0