Алтынчы күнү өлкө боюнча күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-сен.— Sputnik. Ишембиде өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Ысык-Көлдүң пляжы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурундагы аба ырайы
Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17 градус, күндүзү 30…32 градус жылуу болсо, Ош шаарында түнкүсүн 18…20 градус, күндүз 32…34 градуска жетет.

3-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0