Аптанын жума күнү аптаптуу болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Аптанын жума күнү аптаптуу болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Бишкек шаарында абанын түнкү температурасы 13…15 градус, күндүз 28…30 градус жылуу болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми Ош шаарында абанын түнкү температурасы 18…20 градус, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градус жылуу болот. 

2-4-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0