Кыргызгидромет: эртең бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековТолуу жайдагы боз үйлөр. Архив
Толуу жайдагы боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада күн 30, ал эми Ош шаарында 32 градус ысык болот.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнү өлкөдөгү ири шаарлар Бишкек менен Ошто ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата аскердик параддын даярдыгы - Sputnik Кыргызстан
Аскердик бөлүктөр чогулганда. Аскер парадына даярдыктан ирмемдер
Борбор калаада күн 28…30, ал эми Ош шаарында 30…32 градус ысык болот. 

Ал эми башка аймактарда күндүн көзү бузулушу ыктымал.

"Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Баткен, Ош облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт", — деп маалымдады Кыргызгидромет.

Жаңылыктар түрмөгү
0