Жайдын акыркы аптасы ысык менен башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындыгы шаар жашоочулары. Архив
Ала-Тоо аянтындыгы шаар жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Эртең, 29-август күнү Кыргызстанда аба ырайы ысык боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бишкекте түнкүсүн 17…19 градус жылуу болсо, күндүз 31…33 градус жылуу болот. Ал эми Ошто абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градуска жетет. Өлкөнүн калган аймактарында да күн жылуу болуп жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0