Улуу кыргыз дөөлөтү доорундагы аскер куралдары коллекциялык тыйынга чыгат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМонета жасоо. Архив
Монета жасоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган тыйындарды кийинки жылы чыгаруу пландалууда.

БИШКЕК, 28-авг — Sputnik. Кийинки жылы Улуттук банктын коллекциялык тыйындарында "Улуу кыргыз дөөлөтү" доорундагы кыргыздардын курал-жарактары түшүрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктан расмий сайтында маалымдалды. 

2014-2023-жылдардагы план боюнча 2017-жылы коллекциялык 16 миң тыйын чыгарылат.

"Коллекциялык тыйындар үч серияда ("Кыргыз каганатынын доору", "Кыргызстандын Кызыл китеби" жана "Улуттук музыкалык аспаптар") чыгарылат. Биринчи серияда кыргыз жоокерлеринин курал-жарактарын жана зоот шаймандарын чагылдыруу каралган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган коллекциялар 10 сомдук тыйындарга чыгарылат.

Улуу кыргыз дөөлөтү — кыргыздардын гүлдөп-өнүккөн доору. Бул мезгил 840-920-жылдарга дал келет. Ушул учурда кыргыздардын башы биригип, чөлкөмдөгү эң таасирдүү элге айланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0