Көр казуу быйыл бир жарым эсеге кымбаттаган. Баасы өскөн дагы башка кызматтар

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүТиш доктуру. Архив
Тиш доктуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik статистикалык маалыматтарды анализдөө менен быйыл өлкөдө кызмат көрсөтүүлөр канчага кымбаттаганына баам салды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандагы баалардын өзгөрүшү тууралуу маалыматты жарыялады. Sputnik агенттиги акыркы жылдары кымбаттап кеткен жети кызмат көрсөтүүнү таап чыкты.

1. Кариести жок кылуу үчүн кыргызстандык стоматологдор бир жарым эсе көп каражат ала башташкан. Өлкө боюнча жарандар тишти дарылатуу үчүн орточо эсеп менен 937 сом төлөшөт. Тишти суурутуп салуунун акысы дагы 44 пайызга жогорулап кеткен. Тагыраагы былтыр 340 сом болсо, быйыл 492 сомду түзгөн.

2. Көр казуу кызматы бир жарым эсеге кымбаттаган. Мындай кызмат үчүн 4,5 миң сом сарптоого туура келет. Бул өткөн жылдын август айына салыштырмалуу 2500 сомго кымбаттаган.

3. Чет мамлекеттерди поезд менен кыдыруу 47 пайызга чейин жогорулап кеткен. Ар бир бир миң чакырым үчүн 6,6 миң сом төлөөгө туура келет. Мындай баа былтыркыга салыштырмалуу 400 сомго кымбат.

Работа тепличного комбината в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Күз жакындаса да помидордун баасы эмнеге түшпөйт?
4. Алыскы чет мамлекеттерге аба каттамы аркылуу саякаттоо кымбатка туруп калды. Бир жыл ичинде билет баасы үчтөн бир эсеге жогорулаган. Буга байланыштуу жүргүнчүлөр бир тарапты көздөй алынган билетке салыштырмалуу 26 миң сомдой ашыкча төлөшөт.

Учак менен жакынкы аралыктагы мамлекеттерге каттоо баасы дагы 32 пайызга көтөрүлүп, төрт миң сомго жакын каражатты түздү. Албетте, кеп эконом класс тууралуу болуп жатат.

5. Терапевт-дарыгерлер дагы кызмат көрсөтүү баасын 22 пайызга жогорулаткан. Эми орто статистикалык медицина кызматкери кеп-кеңеш берүүчү иштерди 352 сомго аткарат. Бир жыл мурун мындай кызмат көрсөтүү 300 сомго да жеткен эмес. 

6. Дарыгерлерге караганда курулушчулар кызматын жарым пайызга азыраак көрсөтүшкөн. Дубалдын бир чарчы метрине кафель чаптоо 465 сомду түздү. 2015-жылы 386 сом эле.

7. Көп кабаттуу үйлөрдүн эшигинин алдын иретке келтирүү жана оңдоп-түзөө иштерин жасоо чарчы метрине бир сом 88 тыйынды түздү. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 21 пайызга жогорулаганынан кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0