Быйыл мектептерде кышкы каникул узартылбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан окуучулар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кышкы каникул өз мөөнөтүндө болушуна мектептердеги жылуулук системасынын иши маанилүү.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Быйыл мектептерде кышкы каникул узартылбай тургандыгы тууралуу Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда министр Элвира Сариева мектептерди күз-кыш мезгилине даярдоочу штабдын отчетун уккан. 

"Атайын штаб мектептерде жылуулук системаларын оңдоо иштери азыртадан баштап жүрүп жаткандыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Министр кышкы каникул быйыл узартылбай турганын белгилеп, бул үчүн мектептердин жылуулук системасынын иши маанилүү экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0