БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жаңы окуу жылында быйыл кесипке ээ болгон 3099 жаш мугалим өлкө боюнча бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл адистердин жетишпестиги боюнча 56 окуу мекемеден арыз келип түшкөн.
"2015-2016 окуу жылы боюнча 3868 бутүрүүчү окуу жайды аяктап, алардын 3099у республика мектептерине бөлүштүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын жаңы даярдалган адистерди аймактарга бөлүштүрүп келет.