Бир карын майды бир кумалак чириткенде: Кыргызстанды дүйнөгө уят кылгандар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүАла-Тоо аянтындагы желекти алмаштыруу. Архив
Ала-Тоо аянтындагы желекти алмаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвадагы үйлөнүү үлпөттө атыша кеткен кыргыздар, Россиядагы кыргыз кыздарын сабаган "патриоттор", адамдан пирожки жасаган шаар тургуну жана учакта чаң салган мас кыргыз кызы. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул жолу өлкөнү уяткаргандарды эстеп көрдү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын атын чыгарган адамдарды тизмектөө анчейин кыйынга турбайт. Аларды мактануу, сыймыктануу менен жазасың. Ал эми өлкөнүн аброюна шек келтиргендерди жазып жатып бир чети ачууң келсе, бир чети ыйлагың келет. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет ичкен суусуна түкүргөн, эл аралык аренада Кыргызстанды уят кылгандарды чогултуп көрдү. 

Дүйнө биз жөнүндө жар салганда: Кыргызстанды гуглдан издеткен тогуз окуя
1. "Патриоттор" бандасы. Россиядагы 15ге чукул кыргыз жигит чогулуп алып, ал жакта бейчеки басып жүргөн кыргыз кыздарын сабап, ал кадамын видеого тартып, интернетке жайылтышкан. Бул кадам коомчулукта кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү "патриоттордун" кылыгын терс кабылдаган. Алар тууралуу ар кыл кептер тарап, кай бирлери аларды кылмыштуу топтун мүчөсү экен деген ушак тараткан. Үстүбүздөгү жылдын жаз мезгилинде "патриоттор" кармалып, алар жүк ташуучу жана көчө шыпырып иштей турганы белгилүү болгон. 

2. Сүрөтчү-каннибал. Дүйнө коомчулугуна Кыргызстандын атын уят кылгандардын катарында Павел Горобец да бар. Ал 1998-жылы 23-апрель күнү милиция тарабынан кармалган. Коюлган күнөөгө ылайык, кылмышкер аялды өлтүрүп, анын денесин жиликтеп салган. Горобец аялдын этинен пирожки, котлет жасап, досторун тамактандырып келгенин айткан. Сот тарабынан күнөө аныкталып, ал өлүм жазасына тартылган. Анткен менен Кыргызстанда буга тыюу салынгандыктан, ал өмүр бою эркинен ажыратылган.

3. Учактын ичиндеги мас кыз. Окуя 8-май күнү болгон. Анда "Алматы — Куала-Лумпур" каттамы боюнча кете турган учакта кыргыз кызы мас абалында ызы-чуу салып жатканы полиция кызматкерлерине кабарланган. Казакстандын полиция кызматкерлери тарабынан аталган факт боюнча протокол түзүлүп, аба учагындагы эрежелерди бузгандыгы үчүн кызга 1311 сом, коомдук жайда алкоголь ичимдигин ичип, мас абалда жүргөндүгү үчүн 2185 сом айып салынган. Мындан сырткары, кармоо учурунда полиция кызматкерлерине баш бербей, ыплас сөздөрдү пайдаланганы үчүн кошумча айыпка жыгылышы мүмкүндүгү айтылган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Австралия футбол беттешиндеги күйөрмандар
Футбольный матч Кыргызстан — Австралия. 2015 год - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Австралия футбол беттешиндеги күйөрмандар

4. Аша чапкан күйөрмандар. 2015-жылдын жай мезгилинде Кыргызстан футбол боюнча улуттук курамасы Австралия менен беттешкен. Биздин футболчулар мыкты оюн көрсөткөнү менен күйөрмандар дүйнө коомчулугуна өлкөнү уят кылган. Көпчүлүк бакка чыгып стадионго кирип кеткендиктен, билет сатып алган миңдеген адам стадионго кире албай томсоруп калган. Кийинчерээк бир күйөрман футбол талаасына чуркап чыгып кеткен жайы да бар. 

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
РФтеги элчилик: Москвадагы массалык мушташка кыргыздардын катыштыгы тастыктала элек
5. Бостондогу жардыруулар. Бир тууган Царнаевдер дүйнө коомчулугуна Бостондогу жардырууну уюштургандар катары таанылып калды. Кылмышка күнөөлүү делген Жохар Царнаев Токмок шаарында төрөлгөн. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев Калмыкияда жарык дүйнөгө келген. Бир туугандардын үй-бүлөсү 1990-жылдары Чеченстандан Кыргызстанга көчүп келишкен. 

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 15-апрелинде Бостондогу марафон учурунда эки жардыруу болуп, үч адам каза тапкан. Тамерлан жеринен каза болсо, Жохар беш күндөн кийин кармалган. Сот аны күнөөлүү деп таап, өлүм жазасына тарткан. Соттун чечими бүгүнкү күнгө чейин иш жүзүнө аша элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0