Кыргызстанда европалык илимий наамдарды таануу сунушталып жатат

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоордо азыркы ааламдашуу доорунда дипломдорду жана илимий наамдардын эквиваленттүүлүгү туурасындагы маселе курчуп баратканы айтылат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда илимдин доктору наамынын европалык аналогун таануу сунушталып жатат.

Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.

Анын негиздемесинде азыркы ааламдашуу доорунда билими туурасындагы дипломдорду жана илимий наам ыйгарылгандыгы тууралуу документтердин эквиваленттүүлүгү туурасындагы маселе курчуп баратканы айтылат.

"Мындан улам европа мамлекеттеринде ыйгарылган илимдин доктору (Dr. Habil.) наамын таануу жөнүндөгү жобону бекитүү сунушталууда", — деп айтылат документте.

Аталган мыйзам долбоорун Билим берүү жана илим министрлиги демилгелөөдө.

Илимдин доктору — жогорку баскычтын экинчи даражадагы илимий наамы. Докторлук диссертация жакталгандан кийин ыйгарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0