Нике каттоочу "Мобилдүү топ" май айынан бери 60 жолу көчмө каттоо жүргүзгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековНике күбөлүгүнө кол коюу. Архив
Нике күбөлүгүнө кол коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган топ үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта иштей баштаган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жарандык актыларды каттоо боюнча "Мобилдүү топ" борбору ачылгандан бери 60 ирет көчмө каттоосун жүргүзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. 

Бакыт Өрөөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо: ЗАГС адистеринин көзүн май баскандыктан нике каттоо системасын өзгөрттүк
Аталган топ үстүбүздөгү жылдын 1-майынан тарта иштей баштаган. 

Кызмат көрсөтүү Бишкек жана Ош шаарларында пилоттук долбоордун алкагында ишке ашып келет. Мындан ары аны республиканын бардык аймактарында жайылтуу пландалууда.

Бир жолку чыгуунун баасы 5423 сомду түзөт, акы төлөө банктын кассасы аркылуу гана өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0