Санэпидкөзөмөл сасык тумоого каршы вакцинаны дээрлик 18 млн. сомго сатып алат

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСасык тумоого каршы вакцина алуу. Архив
Сасык тумоого каршы вакцина алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 20-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 10-августунда аяктайт.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти 18 миллион сомго жакын каражатка сасык тумоого каршы вакцина сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка караганда сасык тумоого каршы вакцинанын баасы жеткирүү кызматын кошкондо 17 миллион 759 миң 500 сомго бааланган. 

Тендер 20-июлда жарыяланып, мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 10-августунда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0