Президент айрым жерлерди трансформациялоого уруксат берди

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАйдоо жерлери. Архив
Айдоо жерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерлерди которуштуруу көп жылдык мөмө дарактарын отургузууга шарт түзүү үчүн кабыл алынды.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев сугат жер аянттарына көп жылдык мөмө дарактарын отургузууга уруксат бергендиги тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Супермаркеттеги кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз сарымсагы менен калемпири Россияга жума сайын ташылмай болду
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 22-июнда кабыл алынган.

Документтин негизги максаты көп жылдык мөмө дарактарынын аянтын көбөйтүү болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам бонитети 40 баллдан төмөн гана сугат жерлерине мөмө бактарын отургузууга уруксат берет.

Бонитет — жердин сапатын аныктоочу көрсөткүч. 100 баллдык шкала менен бааланат. Негизи 30-60 балл сапаты начар топурактарга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0