Балдарды коргоо боюнча бир адиске адиске 13 миң бала туура келет

© Sputnik / Табылды КадырбековСабак окуп жаткан балдар. Архив
Сабак окуп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр балдардын үй-бүлөсүнөн ажырашына жол бербөө жана үй-бүлөнүн оор абалга түшүп калбашы үчүн социалдык кызматты жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз ишке ашырып, өнүктүрүү керектигин айтты.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Үй-бүлө жана балдарды коргоо боюнча бир аймактык адиске 13 миң бала туура келет. Бул тууралуу Ош шаарында өткөн семинарда айтылганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Министр Кудайберген Базарбаев балдардын үй-бүлөсүнөн ажырашына жол бербөө жана үй-бүлөнүн оор абалга түшүп калбашы үчүн социалдык кызматты жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен тыгыз ишке ашырып, өнүктүрүү керектигин айтты.

"Айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматтарды өнүктүрүүгө болгон мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу баларды коргоо системасынын өнүгүшү үчүн негизги тоскоолдук болууда. Система жакшы иштеши үчүн укуктук нормативдик базаны жакшыртып, балдар менен иштеген адистердин мүмкүнчүлүгүн такай күчөтүү керек", — деди ал.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү балдарды коргоо жаатында ведомстволор аралык координациялоонун ыкшоо экенин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0