ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, өлкөдө үч күн бою жамгыр жаай тургандыгын айтты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруксуз аба ырайы тууралуу жарандарга министрлик СМС аркылуу маалымат жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкө боюнча 14-17-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, үч күн бою туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Айрым аймактарда жамгыр катуу жаап, шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетиши ыктымал.

"Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда малды кармоону кыйындатат", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ ар кандай кырсыктарга жеткирбөө максатында тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине телефонограмма жөнөткөн.  Ал эми жалпы элге СМС аркылуу билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0