Президент саламаттык сактоо тармагындагы реформалардан кабар алды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент өлкөдө ири медициналык борборлордун курулушу менен чек ара өткөрмөлөрүндөгү санитардык-карантиндик пункттардын жаңыланышын ишке ашыруу боюнча пландар менен таанышты.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуунун алкагында Алмазбек Атамбаев саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кабардар болду. 

"Министр ооруларды алдын алуу жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү боюнча кызматтарды кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар тууралуу айтып берди", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, президент өлкөдө ири медициналык борборлордун курулушу менен чек ара өткөрмөлөрүндөгү санитардык-карантиндик пункттардын жаңыланышын ишке ашыруу боюнча пландар менен таанышты. 

Атамбаев саламаттык сактоо тармагына реформа жүргүзүү абдан маанилүү экенин белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0