Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңешинин жыйыны өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКМШ мамлекеттеринин желеги. Архив
КМШ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм боюнча Кеңеш 1993-жылдын 23-декабрында түзүлгөн.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңешинин кезектеги жыйыны Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чара көз карандысыз өлкөлөрдүн шериктештигинин 25 жылдыгына карата 7-8-июлга белгиленди. 

"Жыйынга Азербайжан, Армения, Россия, Беларуссия, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Молдова жана Өзбекстандын туризм министрлеринин орун басарлары катышат", — деп айтылат маалыматта. 

КМШ өлкөлөрүнүн туризм боюнча Кеңеши аталган багытта кызматташуу максатында 1993-жылдын 23-декабрында түзүлгөн.

Кыргызстанда ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу үчүн пайдалуу кеңештерди камтыган инфографиканы Sputnik Кыргызстандан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0