Өлкөнүн желеги менен гербин бир стандартта даярдоо сунушталып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖелек тигип жаткан тигүүчү. Архив
Желек тигип жаткан тигүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттардын көтөргөн демилгесине ылайык, мамлекеттик символиканын стандартын өкмөт аныктайт.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда мамлекеттик герб менен желекти даярдоонун стандарттуу ыкмасын пайдалануу сунушталып жатат.

Ак калпак күнүн белгилөө майрамынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекитти
Айрым депутаттар коомдук талкууга "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору тууралуу" мыйзамына өзгөртүүлөрдү алып чыгышкан.

Демилгечилер бүгүнкү күндө символдордун анык бир эталону жок экенин жүйө келтиришүүдө. Герб менен желек ар кандай вариантта даярдоого жол берилип, бирдиктүү талап коюлган эмес.

Депутаттардын айтымында, символикалардын эталону жалпыга жеткиликтүү болушу керек. Мында анын стандарттарын өкмөт иштеп чыгышы кажет. Мыйзам долбоордо азыркы мыйзамда өкмөттүн мындай укугу жок экени белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0