Эртең өлкө аймагында күн күркүрөп, өткүн өтөт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Эртең өлкө аймагынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетерин Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан сырткары бардык аймактарда күн 30 градустан жогору болот.

Бишкекте — 33, Ошто —34, Таласта — 32 градуска чейин ысыйт. Ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 35 градустан жогору көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0