Террористтер жана экстремисттер үчүн жаза күчөтүлөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архив
Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоору эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Террористтер жана экстремисттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү максатында иштелип чыккан. 

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК: террорист жана экстремисттерге мунапыс колдонулбайт
Ал террористтик же экстремисттик ишти үгүттөгөнү жана эл алдында ачык жактырганы үчүн администрациялык жоопкерчиликти, куралдуу кагылышуу же согуштук аракеттеги зоналарга жашы жетпегендерди алып барганы, терроризм актылары жөнүндө көз көрүнө жалган билдиргени, мамлекеттик же коомдук ишмерлердин өмүрүнө кол салганы үчүн жаза жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Демилге аркылуу терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмышкерлерге мунапыс жана жеңилдетилген жазалоо колдонулбастыгы боюнча тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0