Кайгуул милициясы 1-июлдан тартып жалпы Кыргызстан боюнча иштей баштайт

© Фото / пресс-служба МВД КРКайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив
Кайгуул милициясынын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул реформаны ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев демилгелеген.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын бардык аймагында Кайгуул милициясы иштей баштаганын ИИМ билдирди.

"Муну менен Ички иштер министрлиги Кайгуул-посттук кызматы менен Жол кайгуул кызматын бириктирүүнүн экинчи этабын баштады. Биринчи этапка ылайык, 1-апрелден баштап Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында Кайгуул милициясы иштей баштаган. Эми эртеңден баштап бүтүндөй республика боюнча ишке кирет", — деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча бул реформага канча каражат корогону белгисиз. Болгону тийиштүү сумманын 20 пайызы жол милициясы салган айып пулдун эсебинен чогулганы маалымдалган. Мындан тышкары, ИИМ буга жеке каражаты менен эл аралык уюмдардын донордук жардамын пайдаланган.

Бул реформаны ИИМдин мурунку жетекчиси Мелис Турганбаев демилгелеген. Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын башында бул кызматка Кашкар Жунушалиев дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0