Жоопкерчиликке мыйзамсыз тартылгандар тууралуу комиссиянын токтому колдоо тапты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКамакка алынган жаран. Архив
Камакка алынган жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Шайназаров баштаган депутаттык комиссия 2014-2015-жылдагы кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган жарандар тууралуу иликтөө жүргүзгөн.

БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңеште кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартылган жарандар боюнча атайын комиссиянын токтому каралып, эл өкүлдөрү тарабынан колдоо тапты.

Токтомго 77 депутат макул деген добуш берди. 

Жогорку Кеңештин депутаты жана аталган комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун айтымында, 2014-жылы 106 кылмыш ишинин алкагында 173 жаранга, 2015-жылы 75 кылмыш ишинин негизинде 111 жаранга актоочу өкүм чыккан.

Депутаттын айтымында, күнөөсүз жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тарткан тергөөчүлөр, прокурорлор өздөрү жоопко тартылуулары керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0