Бодо малды каттоо сентябрь айында башталат

Жазылуу
Малды идентификациялоо менен кыргыз этин чет өлкөлөргө, ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жол ачылат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан тарта бодо малды каттоо башталат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, малды идентификациялоо менен кыргыз этин чет өлкөлөргө, ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жол ачылат. 

"Жакынкы күндөрү эле тендер жарыяладык. Учурда жеңүүчүлөрдү тактап жатабыз. Буюрса, каттоо сентябрда башталат", — деди Жумаканов. 

Ал 40 миллион сомго 750 миң бирка алуу пландалып жатканын кошумчалады. 

Учурда мал каттоо боюнча пилоттук долбоор Кара-Буура (Талас облусу), Ноокат (Ош облусу) жана Ысык-Ата (Чүй облусу) райондорунда ишке ашып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0