Июндун башынан бери 10 миңден ашуун жаңы унаа номерлери берилди

Жазылуу
Жаңы үлгүдөгү номерлердин бир комплектиси банк кызматы жана бланкалары менен чогуу 1000 сомдон айланууда.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Республика боюнча үч жумадан бери 10 миң 407 жаңы унаа номери берилгенин Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул номер берүүнүн эки айлык нормасы болуп саналат. Ал эми жаңы номерлер үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта бериле баштаган. 

Жаңы номерлерди көп алгандардын көч башында мурдагыдай эле Бишкек шаары турат. Ушу тапта 4219 бишкектик жаран жаңы номерлүү болгон. Экинчи сапта 2135 номер Чүй облусу турат. Ал эми 1185 номер алган Ош облусунун тургундары үчүнчү катарда. 

"Ушундай эле номерлер дүйнөнүн 45 өлкөсүндө колдонулат. Кыргызстан бул катарды 46-болуп толуктады", — деп айтылат билдирүүдө.

Номер күндүз да, түнкүсүн да бирдей жакшы көрүнөт. Жаңы үлгүдөгү номерлердин бир комплектиси банк кызматы жана бланкалары менен чогуу 1000 сомдон айланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0