Аскер кафедраларын жабуу демилгеси биринчи окууда колдоо тапты

Жазылуу
Демилгеге ылайык аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Парламент Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган аскер кафедраларын жабуу моюнча мыйзам долбоорун колдоду. 

Демилгеге 109 депутат макул, бир эл өкүлү каршы добуш берди. 

Өкмөттүн өкүлү катары баяндама жасаган Адыл Курбановдун айтымында, алты жыл аралыгында аскер кафедрасын аяктагандардын саны чектен бир топ ашып кеткен. 

"2009-жылдан тартып 2015-жылга чейин 18 миңден ашуун адам аскер кафедрасын аяктаган. Бул муктаждыктан 20 эсеге көп дегенди түшүндүрөт. Мындан сырткары, аскер кафедрасында окууну каалагандар жыл сайын өсүүдө. Бул коррупциялык схеманын өсүп жатканынан кабар берет. Ошондуктан аскер кафедраларын жабуу сунушталууда", — деди Курбанов. 

Аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аскердик кафедраны жоюу керекпи?
Демилгеге ылайык, аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат. Анда жоокерлер эки категория боюнча кызмат өтөй алышат. Биринчисинде 25 миң сом төлөп, аскердик билетке ээ болот да, бирок келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө жол жабылат. Ал эми экинчи категория боюнча кызмат өтөгөндөр 50 миң сом төлөп, бир ай машыгуудан өтөт. Булар келечекте күч түзүмдөрүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0