Жогорку Кеңеште аскер кафедраларын жабуу демилгеленүүдө

Жазылуу
Мыйзам долбоору колдоо тапса альтернативдик кызмат өтөө ишке кирет.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган аскер кафедраларын жабуу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. 

Өкмөттүн өкүлү катары баяндама жасаган Адыл Курбановдун айтымында, алты жыл аралыгында аскер кафедрасын аяктагандардын саны чектен бир топ ашып кеткен. 

"2009-жылдан тартып 2015-жылга чейин 18 миңден ашуун адам аскер кафедрасын аяктаган. Бул муктаждыктан 20 эсеге көп дегенди түшүндүрөт. Мындан сырткары, аскер кафедрасында окууну каалагандар жыл сайын өсүүдө. Бул коррупциялык схеманын өсүп жатканынан кабар берет. Ошондуктан аскер кафедраларын жабуу сунушталууда", — деди Курбанов. 

Демилгеге ылайык, аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат. Анда жоокерлер эки категория боюнча кызмат өтөй алышат. Биринчисинде 25 миң сом төлөп, аскердик билетке ээ болот да, бирок келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө жол жабылат. Ал эми экинчи категория боюнча кызмат өтөгөндөр 50 миң сом төлөп, бир ай машыгуудан өтөт. Булар келечекте күч түзүмдөрүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Эскерте кетсек, 2009-жылы аскердик кафедралар жабылып, 2010-жылдын апрель окуяларынан соң кайра ачылган.

Азыркы күндө республикада ар кайсы аскердик-каттоо адистиктери боюнча запастагы офицерлерди даярдоочу эки ЖОЖдор аралык аскер факультеттери (КМКТАУ жана ОшТУ) жана бир аскер кафедрасы (КММА) бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0