Бийик тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу текшерилүүдө

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоң районунда бийик тоолор.
Тоң районунда бийик тоолор. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр кароодон өтүүдө.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов бийик тоолордогу жырылып кетүү коркунучу бар табигый көлдөргө байкоо жүргүзүп, тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоң районунда бийик тоодогу көлдөр
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр - Sputnik Кыргызстан
1/2
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр
© Фото / пресс-служба МЧС КРТоң районунда бийик тоодогу көлдөр
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр - Sputnik Кыргызстан
2/2
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр
1/2
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр
2/2
Тоң районунда бийик тоодогу көлдөр

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ башчысы Боронов суу ташкындар өлкөгө кандай коркунуч алып келерин айтып берди
Тийиштүү тапшырма Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевге, Өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиевге жана министрликтин облустук башкармалыктарынын берилди.

Ал эми Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан Жер-Yй-1, Жер-Yй-2 жана Четинди табигый тоо көлдөрүнүн деңгээлин ӨКМдин Тоң райондук бөлүмүнүн кызматкерлери текшерип келишкен.

"Эч кандай жырылып кетүү коркунучу жок экендигин аныкташкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы аптада өлкө аймагында нөшөрлөп жааган жаандан улам дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүргөн. Нарын, Чүй, ТаласЫсык-Көл облустарындагы бир катар аймактар жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0