Интернетти башкаруу боюнча биринчи орто азиялык форум Бишкекте өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПланшетте иштеп аткан киши. Архив
Планшетте иштеп аткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда өтө турган эки күндүк форумга адистер менен Орто Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү келишет.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Интернетти башкаруу боюнча биринчи орто азиялык форум Бишкекте өтөрү тууралуу иш-чаранын сайтына жарыяланды.

Форум 21-22-июнь аралыгында өткөрүлөт. Анын негизги максаты — Орто Азия мамлекеттериндеги интернетти башкарууга багытталган мамлекеттик саясатты талкуулоо үчүн ачык аянтчаны түзүү болуп эсептелет. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков эл аралык экономикалык форумга катышуу үчүн Кытайга барат
Форумдун алкагында киберкоопсуздук менен интернетти көзөмөлдөө эркиндиги, DNS индустриясын өнүктүрүү сыяктуу маселелер көтөрүлөрү маалыматта белгиленет. 

Иш-чарага интернетти башкаруу жана өнүктүрүү тармагында иштеген адистер, Орто Азия өлкөлөрүндөгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, изилдөө борборлору жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чакырылат. 

Форум Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги менен "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук бирикмеси жана бир катар эл аралык уюмдардын колдоосунун алдында өткөнү жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0