Эртең өлкө боюнча жаан-чачындуу аба ырайы сакталат

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүИт мурун жамгыр кезинде. Архив
Ит мурун жамгыр кезинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Эртең Кыргызстанда жаандуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

"Бишкек менен Ош шаарларында өткүн өтүп, күн жаайт. Бишкекте түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 23…25 градуска чейин жылуу болсо, Ошто абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, ал эми күндүз 27…29 градуска чейин көтөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызгидромет эртең туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертет. Мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0