ИИМ: өлкө боюнча төрт миңден ашуун адам экстремисттик ислам идеяларын карманат

© Фото / пресс-служба УВД города Жалал-Абад"ИГИЛ" бул ислам эмес буклети. Архив
ИГИЛ бул ислам эмес буклети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын беш ай ичинде 215 факты катталып, 63 кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстанда төрт миңден ашуун адам экстремисттик ислам идеяларын карманат. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын беш айында 12 миң кылмыш катталган. 

"Беш ай ичинде экстремизм боюнча 215 факты катталып, 63 кылмыш иши козголгон. Өлкө боюнча 4154 адам экстремисттик ислам идеясынын колдоочулары катары каттоодо турат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери тарабынан 5,6 миң жаран кылмыш жасаганы үчүн колго түшүп, көпчүлүгү кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0