Эшигин көрүп төрүнө өт. Эми кафенин сапатына берилген баа имараттын кире беришине илинет

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүРесторандагы официанттар. Архив
Ресторандагы официанттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалоо системасы адистер тарабынан иштелип жатат. Ага ылайык, тамактануучу жайдын тазалыгына жана гигиеналык абалына жараша бирден бешке чейин баалар коюлат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Коомдук тамактануучу жайлардын көпчүлүгү сырты жалтырак ичи калтырак болгондуктан, ага бөгөт коё турган программа иштелип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев билдирди. 

Анын айтымында, коомдук тамактануучу жайлардагы тамак-аштын чыныгы сапаты менен гигиеналык абалын көпчүлүк биле бербейт. Ошондуктан ар бир кафе, ресторан жана ашканалар текшерүүгө алынып, анын жыйынтыгына жараша баа коюу чечилген. 

"Баалар бирден бешке чейин коюлуп, тамактануучу жайлардын тышына илинет. Мисалы, кайсы бир кафеге беш деген баа берилсе, ал бардык талаптарга жооп береринен кабар берет", — деп билдирди Базарбаев. 

Ал билдиргендей, жаңы системаны ишке ашырып, объективдүү бааларды коюуга мүмкүнчүлүк бар.

"Буга чейин тамактануучу жайларды текшере турганыбызды алдын ала айтып, анан барчубуз. Мындан улам алар кемчиликтерин жашырып коюуга мүмкүнчүлүк болуп келген. Бирок быйылкы жылдын апрель айынан тарта эскертүүсүз текшерүүгө алууга укук берген норма кабыл алынды", — деп билдирди Базарбаев. 

Анын айтымына караганда аталган система учурда адистер тарабынан иштелип жатат. Толук даяр болгондон кийин коомдук талкууга чыгарылат. 

Кафедеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тизмедеги 101-мейман же чийки мыйзам жазган депутаттардын оюнда эмне бар
Базарбаев мындай демилге чет жерде жашаган мекендештердин сунушунан улам көтөрүлгөнүн кошумчалады. 

Кыргызстанда иштелип жаткан жогорудагы система Франция, Австрия, Германия, Италия, Испания, Швейцария, Улуу Британия, Ирландия сыяктуу Европа өлкөлөрүндө практикаланат. 

Анда тамактануучу жайлардын сапаты бир жылдыздан үч жылдызга чейин бааланат. Мисалы кафенин сыртында бир жылдыз илинип турса — жакшы кафе, эки жылдыз — мыкты, ал эми үч жылдыз — эң мыкты тамактануучу жай дегенди түшүндүрөт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Халал индустриясын өнүктүрүү борбору тарабынан тамактануучу жайлардын гигиеналык абалына жана тамак-аштын сапатына жараша "Халал" сертификаты ыйгарылып келет. Бирок индустриянын жетекчисинин орун басары Эрмухаммад Мыктыбектин айтымында, кафелердин көпчүлүгү "Халал" деген сертификатты өздөрү эле жасап алышат. 

"Борбордо биз менен иштешкен бир эле кафе бар. Калгандары "Халал" деген сертификатты өздөрү эле жасатып алышат. Негизинен биз көпчүлүк кафелерге иштешүүнү сунуштаганбыз, бирок эмнегедир макул болушкан жок", — деп билдирди Мыктыбек. 

Ал билдиргендей "Халал" сертификаты малдын таза жерде союлушуна, азык-түлүктүн сапатына жана тамактануучу жайдын тазалыгына карап берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0