Түштүктө болгон кырсыктардын кесепетин жоюуга 700 млн. сом бөлүндү

© пресс-служба МЧС КРКадамжайдагы селдин кесепети. Архив
Кадамжайдагы селдин кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов белгилегендей, жер көчкү жана селдердин кесепетин жоюу боюнча каражат жана күч жетиштүү экенин белгиледи.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жалал-Абад жана Баткен облустарында болгон табигый кырсыктардын кесепетин жоюу иштерине 700 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев аталган маселеге арналган жыйында айтты.

Кадамжайда сел алып кеткен 3 жаштагы бала изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Селге агып кеткен баланы табуу үчүн куткаруучулар ар бир метр жерди казып издешти
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүндө бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында кеңешме өтүп, анда жаз айларында Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда орун алган жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү каралды.

Касымалиев табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жана чыгашаны толуктоо максатында Каржы министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 700 миллион сом которулганын белгиледи. Мындан тышкары, өлкө жарандарынан жана ишканаларынан финасылык жардам катары 60 миллион сом түшкөн. 

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов белгилегендей, жер көчкү жана селдердин кесепетин жоюу боюнча каражат жана күч жетиштүү экенин белгиледи. Анын айтымында, жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн.

"Учурда Баткен облусунун Кадамжай районундагы жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдөбүз, анда жаратылыш кырсыгынын натыйжасында инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген. Ички чарба көпүрөлөрүнүн 12син кайрадан куруп чыгуу керек", — деди ал.

Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрлар
Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров бүгүнкү күндө көпүрөлөрдүн долбоору иштелип чыкканын айтып, жер-жерде жол кызматынын атайы техникасы иш алып барып жатканын маалымдады. 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев маалымдагандай, ведомство тараптан райондордо жаратылыш кырсыгынан зыян тарткан объектилердин такталган тизмеси түзүлгөн. 

"Жакынкы арада биринчи кезектеги курулуштар башталат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жаңы мектептин орду жана долбоору даярдалган. Тийиштүү ведомстволордун экспертизасы аякталган соң мектептин курулушун баштайбыз", — деди Бөрүбаев. 

Жээнбеков мындан ары карай дагы жергиликтүү бийлик органдары жана тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барып, жабыркагандардын кайрылуусуна ыкчам жооп кайтарууну тапшырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0