ЖК өспүрүмдөргө зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерди жазалоону күчөтүү демилгесин карады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание белого Кыргызской Республики. Архивное фото
Здание белого Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорду депутат Аида Салянова демилгелеген. Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун колдоп, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Аида Салянова тарабынан өспүрүмдөргө зордук-зомбулук жасаган кылмышкерлерге жаза чарасын күчөтүү демилгеленген мыйзам долбоору каралды.

Нике кыйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөр менен никелешүү: балалыктан ажыраган кыздар же гаремге карай жол
Ага ылайык, жашы жете электердин өмүрүнө, ден соолугуна жана жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандарга жазык жоопкерчилиги күчөтүлөт. 

Салянованын айтымында, 2014-жылы жашы жете электерге карата 142 оор кылмыш жасалган. Алардын ичинен 10 бала өлтүрүлсө, 13 баланын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген. Мындан сырткары, 66 бала зордукталган.

Аталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0