Дмитрий Медведов КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келет

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын алкагында Медведев КР президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 6-июнунда Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев расмий сапары менен Кыргызстанга келерин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Медведев КРдин президенти Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.

Россиянын премьер-министри 7-июнда Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0