Өспүрүмдөр менен никелешүүгө тыюу салган мыйзам долбоорду ЖК кайрадан карашы мүмкүн

Жазылуу
Мыйзам долбоорго каршы добуш берген депутаттар ага өзгөртүү киргизип, тактоого мүмкүнчүлүк алышат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңештин тармактык комитетине КРдин Үй-бүлө жана Кылмыш кодекстерине өзгөртүү киргизүүлөрдү кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Нике кыйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөр менен никелешүү: балалыктан ажыраган кыздар же гаремге карай жол
Буга чейин депутаттар жашы жете элек өспүрүмдөр менен никеге турууга каршы багытталган мыйзам долбоорун четке кагышкан. Эми ал парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин кароосуна киргизилет.

Фракция катчылыгынын өкүлү Кайыргүл Урумканова кандайдыр бир себеп менен мыйзам долбоорду түшүнбөй калган, окубаган жана ордуна башка бирөөлөр добуш берип койгон эл өкүлдөрү өз пикирин билдирип, тактап алууга мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0