Депутаттар аскер кызматкерлерине үйлөрдү биротоло берүүгө макул болгон жок

Жазылуу
Мыйзам долбоордо кеминде 20 жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары менен кызмат учурунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө кызматтык турак жайды акысыз жеке менчикке берүү сунушу айтылган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары аскер кызматкерлерине кызматтык турак жайды акысыз жеке менчикке берүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты.

Согуш арагерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энелер күнүбү же Мекен коргоочуларбы? Өлкө кайсы майрамга көбүрөөк муктаж
Аталган мыйзам долбоор буга чейин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте каралып жактырылган эмес. Жогорку Кеңештин бүгүн өтүп жаткан пленардык жыйынында комитеттин чечими добушка коюлуп, 109 депутаттын колдоосуна ээ болду. 

Четке кагылган мыйзам долбоордо Куралдуу күчтөрүндө кеминде 20 жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары менен кызмат учурунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө кызматтык турак жайды акысыз жеке менчикке берүү сунушу айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0