Бейшемби күнү Кыргызстанда жаан жаайт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин божомолуна ылайык 19-майдан тарта күн ачылат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстандын аймагында эртең да жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бишкекте түнкүсүн 8…10 градус, күндүз 18…20 градус жылуу болсо, Ошто абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 20…22 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0