Швейцариянын КРдагы элчилиги Финляндия менен Францияга виза бере баштайт

© REUTERS / Francois LenoirЕвробиримдигинин желеги. Архив
Евробиримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми кыргызстандыктар Алматыга барбай эле шенген аймагындагы өлкөлөргө кирүүгө жана ал жакта 90 күн жүрүүгө уруксат берүүчү документке ээ боло алышат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан баштап Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги Франция менен Финляндияга баруу үчүн шенген визасын бере баштай турганын дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө аталган элчилик Швейцария, Чехия, Эстония, Латвия, Польша, Словения жана Словакияга виза ачат.

Джакарта шаары, Индонезия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми КР жарандары Индонезияда визасыз 30 күнгө чейин жүрө алышат
Эми кыргызстандыктар жана КРде жашаган чет элдик жарандар Казакстанга барбай туруп, кыска мөөнөттүү визага жана шенген аймагындагы Франция менен Финляндияга кирүүгө уруксат берүүчү документтерге ээ болушат. Мында улуттук виза берүү үчүн арыздар Финляндиянын Астанадагы элчилигине жана Франциянын Алматыдагы башкы консулдугуна кайрылуу керек.

Виза алуучу документтерди өзү тапшырышы керек, анткени, анын биометрикалык маалыматын алуу зарыл.

Кыргызстандыктар визасыз кайсы өлкөгө бара аларын Sputnik Кыргызстан агенттигинен инфографикасынан көрсөңүз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0