Министрлик: 1-майдан тарта илимий даражасы бар мугалимдердин айлыгы көбөйөт

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүМектеп мугалими. Архив
Мектеп мугалими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муну менен бирге балдарды мектепке балдарды даярдай мугалимдерди окуткан адистердин айлыгы 10 пайызга, ал эми бала бакчаларда иштеген дефектологдордун (логопед, сурдопедагог) айлыгы 25 пайызга көтөрүлөт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Илимдин кандидаты жана илимдин доктору даражасына ээ жогорку билимдүү мугалимдер 1-майдан тарта академиялык магистр даражасы бар окутуучулар үчүн каралган айлык акы ала баштайт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, мугалимдерге айлык анын билим деңгээлине карата саатына төлөнөт. Министрлик 1-майдан тарта маяна окутуучулардын кайрылуусунун негизинде жогорулатылганын белгиледи.

"Окуу жылынын башында мугалимдердин айлык акысын 50 жана 80 пайызга жогорулатып жатканда "советтик диплому" бар жана илимий даражасы бар мугалимдер алардын маянасын магистр деңгээли менен көрсөтүүнү суранышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик кайрылуудан кийин "Билим берүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген. Учурда мыйзам долбоор өкмөттө макулдашуудан өтүүдө, андан соң парламенттин кароосуна жиберилет.

"Ушу тапта өкмөттүн деңгээлинде илимий даражасы бар мугалимдердин ставкасын жогорулатуу чечими кабыл алынды", — деди билим берүү жана илим министри Элвира Сариева.

Орто мекетпке сабак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлиги: мугалимдердин айлыгы ставканын саатына жараша көбөйтүлдү
Муну менен бирге министрлик 1-майдан тарта бала бакчага барбаган 5,5-7 жаштагы балдар үчүн мектепке даярдоо боюнча атайы класстар уюштурулганын белгилейт. Директорлор менен завучтардын айлык акылары да аталган балдардын санына карай 0,5 коэффицент менен белгиленет. Мындан тышкары, балдарды мектепке даярдай турган мугалимдерди окуткан адистердин айлыгы 10 пайызга жогорулайт. Муну менен бирге бала бакчаларда иштеген дефектологдордун (логопед, сурдопедагог) айлыгы 25 пайызга көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0