Кыргызстандын туристтик объектилерин камтыган алты тилдүү сайт ачылат

© Фото / Влад УшаковСары-челек гөлү. Архив
Сары-челек гөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоор донорлор тарабынан каржыланып, 15 миң долларга бааланган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстанда алты тилдүү туризм сайты ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин мүдүрү Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор донорлор тарабынан каржыланып, 15 миң долларга бааланды. 

"Учурда Кыргызстандын негизги туристтик порталы түзүлүп жатат. Буюрса 10 күн ичинде ачылыш аземин өткөрөбүз. Сайтка Кыргызстандагы бардык туристтик объектилер, туристтерге керектүү болгон бардык маалыматтар киргизилет. Каалаган турист ошол жерден расмий маалымат алса болот", — деди Жаманкулов. 

Ал сайт кыргыз, англис, түрк, орус, араб жана кытай тилинде болуп, ага туристтик маалыматтардан сырткары маданий жаңылыктар киргизилип турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0