Бишкекте лупа менен окула турган эң кичинекей Куран китеби көрсөтүлдү

© пресс-служба ДУМК / Белек Нурланов Самая маленькая книга Куран
Самая маленькая книга Куран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китептердин эң эскиси болуп 14 кылымда басылган ыйык Куран китеби табылса, 128 жыл мурда басылып, салмагы жана көлөмү боюнча эң кичинекей Куран китеби башкалардан өзгөчөлөнүп турду.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы борбордук мечитте эски китептердин фестивалы өтүп, ага 200дөн ашуун китеп коюлду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Мечиттеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластын 110 имамы Жалал-Абадда окуп жатат
Иш-чаранын алкагында "Эң эски китеп", "Көлөмү эң чоң китеп", "Эң оор китеп", "Эң калың китеп", "Эң кооз жасалгаланып, таза сакталган китеп", "Өзгөчө китеп" жана "Эски бирок, эң көп томдуу китеп" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Китептердин эң эскиси болуп 14 кылымда басылган ыйык Куран китеби табылса, 128 жыл мурун басылып, салмагы жана көлөмү боюнча эң кичинекей Куран китеби башкалардан өзгөчөлөнүп турду.

Эң кичинекей Куран китеби 30 парадан туруп, 1888-жылы жарык көргөн. Курандын тышкы бөлүгү темир менен капталып, ички бөлүгү тери менен жабдылган. Куран китеби абдан кичине болгондуктан ал лупа менен окууга ыңгайлашкан. Көргөзмөгө келген эң кичинекей Куран китеби түрк элдерине таандык.

"Куран Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы Паны деген адамдын чоң аталарыныкы экен. Ал киши өзүнүн неберелерине мурас калтырыптыр. Бүгүнкү эски китептердин фестивалында бул китеп өзүнүн өзгөчөлүгү менен катышуучулардын купулуна толду", — деди уюштуруучулардын бири Юсуп ажы Сайпиев.

Фестивалдын алкагында кылымдан кылымга өтүп сакталып келе жаткан география, тарых жана шариат мазмундарын камтыган китептер келип, алардын көпчүлүгү Орто Азиядан басылгандыгы белгилүү болду.

"Көргөзмө өз максатында жетти.Китептердин көбү ар кайсы доорго таандык. Бизди кубандырганы — иш-чарабызга күтүлбөгөн китептердин келгени. Алар кыргыз, түрк, фарс тилдериндеги ата-бабаларыбыздын китептери экен", — деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.

Фестиваль Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Бишкек шаардык казыяты тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0