Чүйдө кафель заводу менен тигүү технополиси курулат

Жазылуу
Юстиция министрлиги бул багытта Военно-Антоновка айылынан 59,5 гектер жер бөлүп берүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Юстиция министрлиги завод жана технополис куруу үчүн жер бөлүп берүү боюнча өкмөттүн токтомун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу министрликтин сайтында маалымдалат.

Документте Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы 59,5 гектер айыл-чарба жерин "Өнөр-жай, транспорт, байланыш жана башка багытта колдонуу" категориясына өткөрүү сунушталган.

Документтин негиздемесинде сунушталган жердин 18,76 гектары завод куруу үчүн компанияга берилет деп жазылган. Курулуш иштерин жүргүзө турчу компания чет элдик болгондуктан эгер өкмөт макулдугун берсе, аларга жер 49 жылга ижарага берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0