Fonex байланыш оператору бүгүн түнү кызматын токтотот

© Sputnik / Жоомарт УраимовFonex операторунун расмий сайтынын бети. Архив
Fonex операторунун расмий сайтынын бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
CDMA2000 системасынын коммерциялык ийгилиги тейлөө аймагынын кенендиги, үндүн сапатынын жогорулугу жана жаңы кызматтарды киргизүүнүн оңойлугуна негизделген болчу.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Fonex операторунун кардарлары жекшембиден тарта CDMA форматындагы байланыш кызматын эми такыр пайдалана алышпайт. Байланыш оператору өз ишин толугу менен токтотот. Бул тууралуу оператордун расмий сайтында маалымдалат.

"2015-жылдын 17-апрелинде CDMA2000 стандарт байланышы боюнча берилген лицензиянын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу "Семь Мобайл" ЖЧКсы 7-майда саат 23.59дан тарта CDMA2000 стандарты боюнча байланыш кызматын көрсөтүү толугу менен токтотулат", — деп айтылат билдирүүдө.

CDMA стандарты Кыргызстандын аймагы боюнча өчүрүлөт.

CDMA2000 системасынын коммерциялык ийгилиги тейлөө аймагынын кенендиги, үндүн сапатынын жогорулугу жана жаңы кызматтарды киргизүүнүн оңойлугуна негизделген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0